Эпизоотия
Көрүнүш
Эпизоотия (гр. epi – үстүндө, үстөмдүк жана zoon – жаныбар) – бир же көп түрдөгү жаныбарлардын арбын санынын арасында оорулардын бир мезгилде таралуусу. Эгер Э-нын таралышына алып келсе, КР мыйзамдарында микробиологиялык ж. б. биологиялык агенттер же уулуу заттар менен иштөөдө коопсуздук эрежелерин, ошондой эле Э-нын таралышына алып келген ветеринардык эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7