Хорог
Шаар АО борбору Хорог
|
Хорог (шугн. Xaraɣ, таж. Хоруғ) — Тажикстандагы шаар, Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун административдик борбору.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаар облустун түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан жана батыш тарабынан Ооганстан менен чектешет (Гунт дарыясынын Панжга кошулган жеринде), Душанбеден 525 км алыстыкта[3]. Хорог Памирдин туристтик борбору, ал аркылуу бардык каттамдар өтөт, шаар деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан (BSk индекси).
Хорог жарым кургак климаттык зонага кирет. Жыл бою жаан-чачын аз. Кёппен климаттык классификациясы боюнча шаардын климаты – кышы салкын , мелүүн кеңдиктеги кургак жарым кургак климат. 2023-жылы 15-февралда Хорогдо кар көчкү жүрүп, анын кесепетинен 13 адам каза болуп, 30 адам жаракат алган[4][5].
Кварталдар: Дашти-Тем, Наводак, Дашт-Хоруг, Шош-Хоруг, Бар-Хоруг, Бизмич, Гулакен, Хуфак, Баржев, Носири Хисрав, Тырчит, Дуоб, Варцуж.
Курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айылдар | Калкы (2020)[6] |
---|---|
Исмоили Сомони | 15000 |
Шириншо Шотемур | 15772 |
Хорог шаары 10 маалладан турат:
- Андарзитез[7]
- Моёншо Назаршоев
- Нивадак[7]
- Насири Хусрав[8]
- Сайфулла Абдулаев
- Султани Вали[7]
- Тем[7]
- Шашхаруг
- Бархоруг
- ТБАОнун 75 жылдыгы
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Хорог соода, транспорт жана билим берүүнүн маанилүү аймактык борбору. Шаарда Моёншо Назаршаев атындагы Хорог мамлекеттик университети (ХоМУ), Борбордук Азия эл аралык университеттин (БАУ) филиалы жана Ага Хан Фондунун лицейи сыяктуу окуу жайлары жайгашкан.
Памир автожолу Хорог аркылуу өтүп, шаарды Душанбе жана Ош шаарлары менен байланыштырат. Вахан өрөөнү менен Аличур айылын аралап өткөн кара таштак жол бар . Ошондой эле Кулма-Карокурум ашуусу аркылуу шаарды Кытай менен байланыштырган жана шаарга негизги импортту камсыздаган жол бар.
Шаарда аэропорт бар
Ишемби, жекшемби күндөрү иштеген, көпүрөнүн жанына базар курулган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкынын болжолдуу саны 2019-жылдын 1-январына карата 30,3 миң адамды түзөт[9].
Хорогдун калкы[9] | |||||||||
1939[10] | 1959 | 1970 | 1979 | 1989 | 1992 | 1995 | 1996 | 1998 | 1999 |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
3,8 | 8,2 | 12,3 | 17,8 | 20,2 | 21,5 | 24,3 | 24,8 | 26,8 | 27,2 |
2000 | 2001 | 2002 | 2003 | 2004 | 2005 | 2006 | 2007 | 2008 | 2009 |
27,4 | 27,6 | 27,8 | 27,8 | 27,8 | 27,7 | 27,6 | 27,6 | 27,6 | 27,7 |
2010 | 2011 | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 | 2018 | 2019[11] |
27,8 | 28,1 | 28,4 | 28,6 | 28,8 | 28,9 | 29,2 | 29,5 | 29,9 | 30,3 |
2020[12] | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 | |||||
30,5 | 30,9 | 31,1 | 31,3 | 31,4 |
- Улуттук курамы
1989-жылдагы эл каттоого ылайык[13] :
Улуттар | Саны (адам.) | Пайыздык көрсөткүч (%) |
---|---|---|
тажиктер | 18,995 | 94.25 % |
орустар | 640 | 3.18 % |
украиндер | 152 | 0,75 % |
белорустар | 64 | 0.32 % |
татарлар | 64 | 0.32 % |
өзбектер | 46 | 0.23 % |
казактар | 39 | 0.19 % |
кыргыздар | 35 | 0.17 % |
башка улуттар | 119 | 0.59 % |
баардыгы | 20 154 | 100.00 % |
2010-жылдагы эл каттоого ылайык[14] :
Улуттар | Саны (адам.) | Пайыздык көрсөткүч (%) |
---|---|---|
тажиктер | 27,729 | 98.69 % |
өзбектер | 241 | 0,86 % |
кыргыздар | 52 | 0.19 % |
орустар | 25 | 0.09 % |
башка улуттар | 51 | 0.18 % |
баардыгы | 28,098 | 100.00 % |
Спорт
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1950-жылдары Топтуу хоккей боюнча Тажикстандын чемпиондугу өтүп, ошол учурда эле Хорогдун өзүнүн стадиону болгон. Спорттун бул түрү боюнча беттештер өткөн эң бийик спорт объектиси[15] .
Туризм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Хорог Памирдин туристтик борборлорунун бири жана Памирдин негизги кызыктуу жерлерине туристтер үчүн шаар саякатоонун алгачкы этапбынын башталышы болуп саналат.
Ботаникалык бакча
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаардын чыгыш четинде Памир ботаникалык багы жайгашкан — КМШдагы эң бийик жана дүйнөдө деңиз деңгээлинен бийиктиги боюнча экинчи (2320 м) орунда, Непал Ботаникалык бакчасынан кийин. Бак 1940-жылы негизделген. Ботаникалык бактын коллекциясында дүйнөнүн бардык аймактарынан 4 миңден ашык өсүмдүктөрдүн түрүн камтыйт. Тажикстандын эгемендүүлүк доорунда бакча ийгиликтүү ишин улантып, илимий иштер жүргүзүп келет.
Белгилүү инсандары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Феликс Ташмухамедов — Советтик жана Тажикстандык драматург, режиссёр жана театр мугалими.
- Азизбек Наврузбеков — Моветтик мамлекеттик жана саясий ишмер, Тажикстанда Совет бийлигин негиздөөчүлөрдүн бири, Коммунисттик партиясынын (большевиктер) мүчөсү.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Мачмуаи шумораи ахоли то 01.01.2024.
- ↑ Таджикистан. Религия памирцев — шиизм-исмаилизм. — Путешественник в естественной среде обитания
- ↑ info-country.ru.
- ↑ Число погибших от лавин в Таджикистане увеличилось до 13.
- ↑ Лавина в Хороге.
- ↑ Перепись населения 2020.
- ↑ 7.0 7.1 7.2 7.3 В Хороге население обслуживают новые автобусы по доступным ценам за проезд | НИАТ "Ховар" (ru-RU).
- ↑ Последствия стихийного бедствия в Горно-Бадахшанской автономной области будут устранены в кратчайшие сроки | НИАТ "Ховар" (ru-RU).
- ↑ 9.0 9.1 Численность населения Республики Таджикистан на 1 января 2019 года.
- ↑ Демоскоп Weekly - Приложение. Всесоюзная перепись населения 1939 года.
- ↑ Численность населения Республики Таджикистан на 1 января 2019 года.
- ↑ Численность населения Республики Таджикистан на 1 января 2020 года.
- ↑ Всесоюзная перепись населения 1989 года. Распределение городского и сельского населения областей республик СССР по полу и национальности. Горно-Бадахшанская АО.
- ↑ Перепись населения и жилищного фонда Республики Таджикистан 2010 года. Том III. Национальный состав, владение языками и гражданство населения Республики Таджикистан.
- ↑ Опубликован календарь матчей турнира по хоккею с мячом Азиады-2011.
Тажикстандын шаарлары | |||
---|---|---|---|
Бохтар • Бустон • Вахдат • Душанбе • Истаравшан • Истиклол • Исфара • Гиссар • Гулистан • Канибадам • Куляб • Леваканд • Нурек • Пенжикент • Рогун • Турсунзада • Хорог • Хужанд |