Мазмунга өтүү

Физикалык чоңдуктардын бирдиктери

Википедия дан

Физикалык чоңдуктардын бирдиктери — аныктама боюнча сан мааниси бирге барабар болгон физикалык чоңдук.

Бирдиктин аталышы физикалык чоңдуктун жанына кошо жазылат, мисалы, түтүктүн узундугу 3 м; 3 – узундуктун сан мааниси, метр (м) – физикалык чоңдуктун бирдиги. Физикалык чоңдуктун бирдиги тутумдан тышкары (мис., электронвольт, ат күчү) жана кандайдыр тутумга кирүүчү тутумдук бирдик болуп бөлүнөт. Тутумдук бирдик негизги жана туунду бирдиктер болуп дагы экиге бөлүнөт. Негизги бирдиктер эл аралык макулдашуу боюнча кабыл алынат. Негизги бирдиктер жетөө. Туунду бирдиктер физикалык чоңдуктарды байланыштырган теңдемелер боюнча эсептелип алынат. Туунду бирдиктер: Ньютон (Н), Джоуль (Дж), Ватт (Вт). Эсептөөдө эселүү, үлүштүк бирдиктер да колдонулат. Мисалы, кВт, кДж.

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0