Панж
Көрүнүш
Панж – Тажикстан менен Афганстандын чек арасы аркылуу аккан дарыя, Аму-Дарыянын сол курамы. Узундугу 921 км, алабынын аянты 114 км2. Памир жана Вахан-Дарыя сууларынын кошулушунан түзүлүп, негизинен кууш өрөөн аркылуу агат. Негизги куймалары: Гунт, Бартанг, Язгулем, Ванч, Кызыл-Суу. Орточо чыгымы 1000 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Чатынан 118 кмге чейин кеме жүрөт. Панж дарыясынын өрөөнүнүн айрым бөлүктөрү аркылуу Дүйшөмбү – Хорог автомобиль жолу өтөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9