Памперо
Көрүнүш
Памперо – Аргентина жана Уругвайда түштүктөн же түштүк-батыштан соккон муздак шамал. Антарктика аба массаларынын келишине байланыштуу пайда болот. Көбүнчө жамгыр менен коштолуп, абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө (1 суткада 20-30°Ска чейин) алып келет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9