Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы - Кыргыз Республикасынын борбордук банкынын ырасмий аталышы. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын статусу, милдеттери, функциялары, ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу принциптери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" мыйзамы тарабынан аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишинин башкы максаты болуп тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу улуттук акча бирдигинин (сомдун) туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоп туруу саналат.
Банктын ишинин максаттарына жетишүүгө өбөлгө түзгөн негизги милдет - улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын банк жана төлөө системаларынын коопсуздугун жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу. (Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-статьясы).
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алдына койгон милдеттерди аткаруу үчүн өз ишин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынан көз карандысыз, өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.
Банктын функциялары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1. Кыргыз Республикасында акча-кредит саясатын иштеп чыгат, аныктайт жана жүргүзөт;
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салат жана ага көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат;
3. бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
4. акча белгилеринин эмиссиясын жүзөгө ашыруучу өзгөчө укукка ээ;
5. төлөө системаларынын натыйжалуу иштөөсүнө көмөктөшөт;
6. банк системасы үчүн банк операцияларын жүргүзүунүн жана бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулуктун эрежесин бекитет.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
- 2011-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомдору
- Улуттук валюта
Кыргыз сому | ||
---|---|---|
Темалар | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы • Кыргыз сому • Кыргызстандын эстелик монеталары | |
Банкноттор | 1 сом • 5 сом • 10 сом • 20 сом • 50 сом • 100 сом • 200 сом • 500 сом • 1000 сом • 2000 сом • 5000 сом |