Мазмунга өтүү

Кувейт

Википедия долбоорунан

Кувейт мамлекети
ар. دولة الكويت

Герб
Туу Герб
Гимн: «Ан-Нашид аль-Ватани
»
Эгемендүүлүк күнү 19-июнь 1961-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тили араб тили
Борбор шаары Эл-Кувейт
Ири шаарлар Эл-Кувейт
Башкаруу формасы Дуалисттик монархия
Эмир
Премьер-министр
Cпикер
Мишааль аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах
Ахмед аль-Абдулла ас-Сабах
Ахмед Абдулазиз ас-Садун
Мам. дини ислам (Сүннөттөр)
Аянты
• Жалпы
152-орун - дүйнөдө
17 818 км²
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

4 349 380 адам (121-орун)
250,6 ад./км²
АДӨИ  0,808 (жогору) (57-орун)
Этнохороним кувейттик, кувейттиктер
Акча бирдиги кувейт динары
Домени .kw
ISO коду KW
ЭОК коду KUW
Телефон коду +965
Убакыт аралыгы UTC +03:00

Кувейт же Кувейт мамлекети (ар. دولة الكويت‎) – Жакынкы Чыгыштагы өлкө. Араб жарым аралынын түндүк-чыгышында жана Парс булуңундагы аралдарда (Бубиян, Маскан, Варба ж. б.) жайгашкан[1]. Түндүгүнөн жана батышынан Ирак, түштүгүнөн Сауд Арабиясы менен чектешип, чыгышынан Парс булуңунун суулары менен чулганат, жээк сызыгынын узундугу 499 км[2].

Кувейт – Бириккен Улуттар Уюмунун (1963), ЭВФтин (1962), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1962), ОПЕКтин (1960), Араб өлкөлөрү лигасынын (1961), Ислам конференция уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Перс булуңу араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин (1981) мүчөсү.

Мамлекет аталышын борбор шаарынын Эль-Кувейт аталышынан алган. Араб тилинен которгондо (ар. الكويت‎) — «шаарча» же «кичинекей чеп» деген маанини билдирет[3].

Кувейттеги деңиз музейи

Файлака аралынан табылган шаар калдыктары, грек храмдарынын жана устаканаларынын эски урандылары ж. б. Кувейттин азыркы аймагы б. з. ч. 3 миң жылдыктан Дильмун мамлекетинин курамына киргендигин айгинелейт. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын 2-жарымында Кувейт Вавилонияга, 8-кылымдын ортосунда Жаңы Ассирия державасына, 626-ж. кайрадан Вавилонияга баш ийген. Б. з. ч. 539-ж. Перс, б. з. ч. 4-кылымдын аягынан Селевкиддер, кийин араб мамлекети Харакенанын курамына кирген. Б. з. 7-кылымынан Халифат бийлигине караган. Кувейт аймагын 1258-ж. моңгол аскерлери, 15-кылымдын аягына чейин жергиликтүү араб урууларынын шейхтери башкарган. 16-кылымда Кувейт аймагы Осмон империясынын, 17-кылымдын 2-жарымында Бану Халид эмиратынын курамына кирген. 1756-ж. шейх Сабах ибн Жабер ас-Сабах (1752–62) Кувейт аймагында жашаган бардык урууларды бириктирип, Кувейт эмиратын түзгөн (1937-ж. чейин Кувейт башкаруучулары шейх деп аталган). Сабахтар династиясы Кувейтти Индия менен Батыштын ортосундагы соода борборуна айлантып, өлкөнүн абалын жакшырткан.

Аль Жахрадагы Кызыл чеби

Тышкы саясатын ийкемдүү жүргүзүп, осмон башкаруучулары Басра жана Саудиддер менен тынчтыкты колдогон. 1793-ж. Эль-Кувейт шаарында Британиянын Ост-Инд компания (ОИК) факториясы негизделип, 1798–99-жылдары вахабиттердин кол салуусунан Кувейтти коргоп калган. 1899-ж. Улуу Британия шейх Мубаракты жашыруун келишимге кол коюуга мажбурлаган. Натыйжада Кувейт өкмөтү Улуу Британиянын макулдугусуз башка мамлекеттер менен мамиле түзүүдөн четтелген. 20-кылымдын башында Кувейтте өнөр-жай өндүрүшү пайда болгон. 1910-ж. Кувейтте табылган нефтиге ээ болуу үчүн Улуу Британия менен АКШнын ортосунда атаандаштык башталып, 1913-ж. Улуу Британия нефть чалгындоо жана иштеп чыгарууга укук алган. 1914-ж. ноябрда Улуу Британия менен Кувейттин ортосунда жаңы келишимге кол коюлуп, Кувейт британиялык протекторатка айланган. 1917–22-жылдары аймактык маселелер боюнча Саудиддер менен кагылышуулар болуп, 1920-ж. Эль-Жахранын алдындагы салгылашта Кувейт жеңилген. 1920-ж. апрелден 1921-жылдын октябрына чейин өлкөнү саудиддер армиясы оккупациялаган.

1944-жылы Сейф аянтындагы майрам

1922-ж. ноябрь-декабрдагы Укайр конференциясынын негизинде Кувейттин бир бөлүгү Саудиддерге берилип, кувейт-сауд чек ара зонасы (1942-жылдан бейтарап зона) түзүлгөн. 1927-ж. Кувейтте «Kuwait Oil Co» компаниясы түзүлүп, нефть казуу иштерин жүргүзүүдө англичандар менен америкалыктар тең укукка ээ болушкан. 1929–33-жылдары дүйнөлүк экономикалык кризиске байланыштуу Кувейттин экономикалык абалынын начарлашы кувейттиктер кыймылынын өсүшүнө алып келген. Египет революциясы (1952) жана Суэц кризисине (1956) байланыштуу Кувейтте британиялык өкмөткө каршы нааразычылыктар күч алган. 1961-ж. 19-июнда Кувейт көз каранды эмес мамлекет болуп жарыяланган. 1961-ж. 20-июлда Кувейт араб мамлекеттеринин лигасына мүчө болгон. 1962-ж. 16-ноябрда Кувейттин жаңы Конституциясы кабыл алынып, эмирге кеңири укуктар берилген. 1963-ж. 23-январда Кувейтте алгачкы парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, Улуттук чогулуш түзүлгөн. 1968-ж. Араб өлкөлөрүнүн (Сауд Арабиясы жана Ливия) уюму – нефть өнөктөштөр бирикмеси негизделген. 1975-ж. Кувейт өкмөтү чет өлкөлүк нефть компанияларынын таасирин чектөө чараларын көрүп, «Kuwait Oil Co» компаниясынын мүлктөрүн мамлекеттештирген. 1976-ж. өлкөдө саясий кырдаал курчуган. Эмир Сабах III аль-Салем ас-Сабах атайын жарлыгы менен Улуттук чогулушту таркаткан. Өлкөдө массалык толкундоолор башталып, ислам экстремисттик уюмдардын иш-аракеттери күчөгөн. Элдик толкундоолордон чочулаган Кувейт бийлиги парламентти кайра калыбына келтирүү үчүн чечим кабыл алган. 1981-ж. Улуттук чогулушка шайлоо өткөрүлгөн, бирок өлкөдө туруктуу абал түзүлгөн эмес. 1990-жылдары кайрадан Ирак менен Кувейттин мамилелери курчуп, Ирак аскерлери Кувейтти оккупациялаган. 1991-ж. 28-февралда «Чөлдөгү бороон» операциясы учурунда Иракка каршы коалициялык күчтөр Кувейтти бошоткон. 1990-жылдары Кувейт АКШ, Улуу Британия, Франция, Россия ж. б. мамлекеттер менен аскердик кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган. 1992-ж. Улуттук чогулуш кайрадан ишин уланткан. Кувейт бийлиги финансы иштерин кыянаттык менен пайдаланууга жана коррупцияга каршы күрөшүүгөнөр-жай б. көңүл бурушкан. 2003-ж. Иракта С. Хусейндин режимин кулатууда Кувейт АКШ жана анын союздаштарын колдоп, өз аймагына Иракка каршы коалициялык күчтөрдү жайгаштырган. 2006-ж. Сабах аль-Ахмед аль-Джабер ас-Сабах эмирликке шайланып, көптөгөн өлкөлөр менен диплатиялык мамилелерди түзгөн.

Эль-Кувейт шаарынын панаромасы

Аянты 17,8 миң км2. Калкы 2906,7 миң (2008). Борбору – Эль-Кувейт. Расмий тили – араб тили. Акча бирдиги – кувейт динары.

Кувейттин спутниктен тартылган сүрөтү

Парс булуңунун жээги негизинен түзөң, Кувейт булуңу гана кургактыкка 40 кмге кирип турат. Кувейт булуңунда калк отурукташкан жалгыз арал – Файлака жайгашкан. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн чөлдүү түздүк ээлейт (бийиктиги 290 м чейин). Түндүгүндө таштуу чөлдөр үстөмдүк кылат, алар кургак терең нуктар – вадилер (Эль-Батин ж. б.) менен тилмеленген. Борбордук жана түштүк бөлүктөрүн дюна рельефтүү кумдуу чөлдөр ээлейт. Кувейттин аймагы тектоникалык жактан кембрийге чейинки Араб платформасынын түндүк-чыгыш чет-жакасындагы Басра-Кувейт ойдуңунда жайгашкан.

Кен байлыктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги минералдык байлыгы – мунай, анын запасы боюнча дүйнөдө 7-орунду ээлейт (2024)[4][5]. Кувейттин бүт аймагы жана суу акваториясы Парс булуңунун мунай-газ бассейнине кирет. Ири кендери – Чоң Бурган, Эр-Раудатайн, Сабрия ж. б. Ошондой эле табигый газ, цемент сырьёлору (акиташ тектери), сал туз кендери бар.

Кувейттин аймагында тропиктик чөл климаты басыдуурак кылат. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 75–150 мм, көбүнчө кышында нөшөр түрүндө жаайт. Айрым жылдары 25 мм гана жаан-чачын жаайт. Жылдын басымдуу бөлүгүндө ысык аптап кармалат (июлдун орточо температурасы 36–37°C абсолюттук максимуму 52°C), адамга эң жагымдуу мезгил – кыш (декабрь – январдын орточо температурасы 12–14°C). Чанда түнкү температура 0°C чейин төмөндөйт. Майдан ноябрга чейин чейин кургак түндүк-батыш шамалдары (шимал) согуп, чаң жана кум бороондору менен коштолот[6].

54,0°C эң жогорку абанын температурасы 2016-жылдын 21-июлунда Миттибахта катталып,Азияда катталган эң жогорку абанын температурасы болгон[7].

Суу ресурстары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кувейт — дүйнөдөгү суу тартыштыгы байкалган өлкөлөрдүн бири
Кувейттин суу мунараларынын бири

Кувейт Тигр-Ефрат дарыяларынын бассейнинин бир бөлүгү болгонуна карабастан суу өтө тартыш, туруктуу аккан агын суусу жана көлү жок[8][9]. Жер астындагы суулуу горизонттор бар, алар өлкөнүн түндүк бөлүгүндө тузсуз, түштүгүндө түрдүү деңгээлде минералдашкан.

Суу менен камсыз болуунун негизги булагы – тузсуздандырылган деңиз суусу (жылына 231 млн м3 суу тузсуздандырылат). Кувейт тузсуздандыруучу курулмаларынын кубаттуулугу боюнча дүйнөдө алдынкы орунда[10]. Учурда алтыдан ашык тузсуздандыруу заводу бар[10]. Кувейт ири масштабдагы ички пайдалануу үчүн суу менен камсыз кылуу маселелерин сууну тузсуздандыруу менен чечкен дүйнөдөгү биринчи өлкө. Кувейтте суунун тузсуздандыруунун тарыхы 1951-жылы биринчи дистилляция заводу ишке киргизилгенден башталган.

1965-жылы Кувейт өкмөтү Швециянын VBB (Sweco) инженердик компаниясына Эль-Кувейт шаары үчүн заманбап суу менен камсыздоо системасын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну тапшырган. Бул компания, Сони Линдстром тарабынан долбоорлонгон «козу карын муналары» деген каймана аталыштагы суу сактоочу мунараларынын беш тобун курган, жалпысынан отуз бир суу мунаралары курулган. Кувейттин эмири Шейх Жабер аль-Ахмеддин демилгечи менен Кувейт мунаралары деп аталган үч мунарадан турган имараттар курулган, алардын экөө суу мунаралары катары колдонуулат. Тузсуздандыруучу заводтордон суу мунарага чейин насостук станциялары менен жеткирилет. Отуз үч мунаранын кубаттуулугу 102 000 м3. «Суу мунаралары» (Кувейт мунарасы же Кувейт суу мунаралары) Ага Хандын архитектура боюнча сыйлыгына ээ болгон[11].

Саркынды суулардын 98% кайрадан тазалоодон өткөргөн өлкөнүн атайын тармагы дагы иштейт[10].

Табигый коруктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Rhanterium epapposum
Dromas ardeola

Учурда Кувейтте IUCN тарабынан таанылган беш корголгон аймак бар. Кувейт Рамсар конвенциясына169-мүчөсү болуп кол койгон. Бубиян аралындагы Мубарак аль-Кабир коругу өлкөнүн эл аралык маанидеги биринчи суулуу аймагы деп жарыяланган. 50 948 га аянтты ээлеген корук кичинекей лагуналардан жана туздуу саздардан турат, бул корук канаттуулардын маанилүү токтоочу жана уялоочу жайы[12].

Флора жана фауна

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түндүгүндө шагыл-таштуу, борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө кумдуу чөл басымдуу. Айрым боз топурактуу жерлеринде сейрек чөп жана бадал өсүмдүктөрү кездешет.

Кувейтте канаттуулардын 444 түрү катталган, алардын 18 өлкөнүн аймагында уялашат[13]. Парс булуңунун жана Тигр–Ефрат дарыяларынын деңизге куйган жерине жакын жайгашкандыгына байланыштуу Кувейт аркылуу көптөгөн келгин куштардын миграциялык жолдору өтөт. Кувейттин аймагы аркылуу жылына экиден үч миллионго чейин канаттуулар өтөт[13]. Кувейттин түндүгүндөгү жана Жахрадагы саздар маанилүү экологиялык аймак болуп саналат.

Кувейтте сүт эмүүчүлөрдүн жыйырма сегиз түрү бар. Чөлдө үч манжалуу эргежээл кош аяк, чөл коёндору жана кирпи сыяктуу жаныбарлар көп кездешет. Карышкыр, каракал жана чөө сыяктуу жыркычтар кездешет. Ал эми тукум курут болуу коркунучу астында турган сүт эмүүчүлөрдүн тизмесинде кызыл түлкү жана жапайы мышык кирет. Кырк сойлоочулардын түрү катталган.

Кувейттин сууларын жок болуп кетүү коркунучу алдында турган Carcharhinus leiodon акуласы байырлаганы тастыкталган[14].

Мамлекеттик түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Сейф сарайы. Кувейттин Өкмөтүнүн имараты

1962-жылы кабыл алынган конституциясы боюнча Кувейт конституциялык монархия[15].

Мамлекет башчысы – эмир. Эмир өкмөт башчысын дайындайт, парламентти таркатууга, мыйзам долбоорлоруна кол коюуга жана аларды кайра иштеп чыгууга Межилиске кайтарууга укуктуу. Эмир Кувейттин куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы колбашчысы жана Кувейттин армиясындагы негизги кызматтарга, анын ичинде бардык аскер бөлуктөрүнүн башчыларын дайындайт. Конституциясына ылайык, эмир юридикалык кол тийбестикке ээ. Эмирдин дарегине айтылган коомдук сын үчүн өлкөнүн катардагы тургундары үчүн да, анын туугандары үчүн да кылмыш жоопкерчилиги каралат. Мисалы, 2016-жылдын май айында Кувейттин 5 тургуну, анын ичинде эмирдин туугандары WhatsApp аркылуу эмир жөнүндө жагымсыз сөздөрдү тараткандыгы үчүн эркинен ажыратылышкан[16].

Эмир мураскор канзааданы дайындайт. Бирок, анын талапкерлигин башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрү жактырып, Улуттук Чогулуш бекитиши керек. Эгерде Улуттук Чогулуш эмир сунуш кылган талапкерге каршы добуш берсе, эмир ассамблеяга башкаруучу үй-бүлөдөн дагы үч талапкерди көрсөтүүгө милдеттүү. Чогулуш талапкерлердин бирин тандоого тийиш.

Эмир башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичинен премьер-министрди дайындайт. Премьер-министр өз кезегинде өкмөттөгү кызматкерлерди дайындайт. Бардык министрлер Улуттук Чогулуштун мүчөлөрү жана жок дегенде бир министр шайлоо аркылуу дайындалууга тийиш. Негизги министрликтерди башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрү жетектейт.

Мыйзам чыгаруу бийлиги эмирге жана бир палаталуу Улуттук Чогулушка таандык. Жалпы шайлоонун жүрүшүндө 50 депутат төрт жылдык мөөнөткө шайланса, дагы 15 депутат премьер-министр тарабынан дайындалат. Саясий партияларга тыюу салынган.

Эмир жана башкаруучу үй-бүлөнүн башчысы коңшу өлкөлөрдөгү монархиялардан айырмаланып, шайлоо жана бекитүү процесси аркылуу өтөт.

Кувейтте аялдар менен эркектердин саясий укуктары бирдей[17].

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кувейт административдик-аймактык жактан 6 мухафазага бөлүнөт, мухафазалар өз кезегинде райондорго бөлүнөт[18].

Карта Мухафаза ISO 3166-2:KW Административдик борбору Түзүлгөн жылы Аянты,

км²

Калкы, адам (2010)[19] Калкынын жыштыгы, адам/км²
1 Асама (ар. العاصمة‎) KW-KU Эль-Кувейт 1962 200 509 692 2548,46
2 Ахмади (ар. الأحمدي‎) KW-AH Эль-Ахмади 1962 5120 682 582 133,32
3 Жахра (ар. الجهراء‎) KW-JA Эль-Жахра 1979 12 130 454 836 37,50
6 Мубарак-Аль-Кабир (ар. مبارك الكبير‎) KW-MU Мубарак-Аль-Кабир 1999 94 223 912 2382,04
5 Фарвания (ар. الفروانية‎) KW-FA Эль-Фарвания 1988 190 935 900 4925,79
6 Хавалли (ар. حولي‎) KW-HA Хавалли 1962 84 769 752 9163,71
Жалпы 17 818 3 576 674 200,73
2011-жылы Кувейттин көз карандысыздыгын жана боштондугун белгилеп жаткан жаштар
Чиркөө

Кувейттин 2023-жылдагы калкынын саны 4,82 миллион адамды түзгөн. Алардын 1,53 миллиону кувейттиктер жана 3,29 миллиону чет өлкөлүктөр болгон[20].

Улуттук курамы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кувейттеги чет өлкөлүктөр Кувейттин жалпы калкынын 60% түзөт. 2018-жылдын декабрь айынын аягында Кувейттин жалпы калкынын 57,65% араб (башка араб өлкөлөрүнөн келгендерди кошкондо) улутундагы адамдар түзөт[21]. Индиядан жана Египеттен келгендер Кувейттеги эң көп сандагы чет өлкөлүктөр[20][22].

Исламдын Малики мазхабы (сүннөттөр) Кувейттин расмий мамлекеттик дини. Аль Сабах башкаруучу үй-бүлөсү сүннөттүк Малики мазхабын карманат. Кувейттин жарандарынын көпчүлүгү мусулмандар: расмий улуттук каттоонун маалыматтары жок, бирок болжол менен жарандарынын 60-70% сүннөттөр жана 30-40% шииттер[23][24].

Кувейтте ошондой эле христиан динин, индуизмди, буддизмди жана сикхизмди кармангандар бар[25]. 2020- жылга карата алынган маалыматтарга ылайык болжол менен 837 585 христиандар болгон, алар жалпы калктын санынын 17,93% түгөн экинчи ири диний топ болгон[25]. Кувейттеги христиандардын көбүн Индиянын Керала штатынан келген Маланкара православие, Мар-Тома жана католик диний агымдарын карманышат[26].

Кувейттин расмий тили — адабий араб тили, бирок анын күнүмдүк колдонулушу журналистика жана билим берүү мекемелери менен гана чектелет. Араб тилинин кувейттик варианты (диалекти) күнүмдүк турмушта колдонулган тил болуп саналат[27]. Араб тилинин кувейттик варианты Парс булуңунда тараган араб тилинин варианты болуп саналат, ал Чыгыш Арабиянын аймактарынын диалектилери менен окшоштуктарга ээ[28].

Мунай казып алууга чейинки тарыхында Кувейт башка мамлекеттер менен тыгыз соода-сатык катнаштарын түзгөндүгүнө байланыштуу араб тилинин кувейттик вариантында фарс, хинди, балучи, түрк, англис жана италия тилдеринен алынган көп сөздөр колдонулат[27].

Англис тили бизнес жана эл аралык катнаш чөйрөсүндө кеңири колдонулган тил. Англис тилинен тышкары, гуманитардык багыттагы окуу жайларда француз тили үчүнчү чет тил катары окутулат.

Аль-Хамра — Кувейттеги эң бийик мунара

Экономикасынын негизин мунай өнөр-жай түзөт[29]. Улуттук валютасы — кувейт динары. Экономикалык көрсөткүчтөр боюнча Кувейт дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири болуп саналат[30][31].

Мунай өндүрүү жана аны кайра иштетүү дүң продукция (ИДП) наркынын 50% жакынын, түшкөн валютанын 90% ашыгын, мамлекеттик бюжет кирешесинин 95% камсыз кылат. Нефтини экспорттоодон түшкөн каражат экономиканы жаңылоого, саламаттыкты сактоону, билим берүүнү ж. б. өнүктүрүүгө жумшалат. Мамлекеттик 2 резервдик фонд түзүлгөн: Келечектеги муундар фонду (жылдык чегерүү нефтиден түшкөн кирешенин 10%ин түзөт) жана Жалпы резервдик фонд; резервдик фонддордун жалпы наркы 209 млрд долларга бааланат. Кувейт – ири эл аралык донор, 1961-жылдан Кувейт араб өлкөлөрү экономикалык өнүгүү фондусу аркылуу араб өлкөлөрүнө (Египет, Сирия, Иордания ж. б.) экономикалык жардам берет. Өлкөнүн экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттары – экономиканы диверсификациялоо, нефть секторуна жана мамлекеттик субсидияга күнкорлугун басаңдатуу (2000-жылдардын ортосунан мамлекеттик сектордун экономикадагы жетектөөчү ролу сакталууда), чет өлкөлүк инвестицияны тартуу, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын (нефть секторунан башкасын) ишке ашыруу. 2005-жылдан коммуналык сектордун ишканалары, порттор, май куюучу станциялар, телекоммуникация ишканалары менчиктештириле баштаган.

ИДПнин көлөмү 149,1 млрд доллар, аны киши башына бөлштүргөндө 57,4 миң доллардан туура келет (2008). ИДПнин реалдуу өсүүсү 8,5% (2008). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,916 (2007; дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 31-орунда). ИДПнин структурасында өнөр-жайынын үлүшү 52,4%, тейлөө чөйрөсүнүкү 47,3%, а. чарбаныкы 0,3%, чет өлкөлүк инвестиция 19,7%. Өлкөнүн нефтисинин аныкталган запасы дүйнөлүк нефтинин 9%тен ашыгын түзөт. 2007-ж. суткасына 2,6 млн баррель нефть өндүрүлгөн. Өндүрүлгөн нефтинин 90%тен ашыгы экспорттолот. Иштетилип жаткан негизги кендери өлкөнүн түндүгүндө (Эр-Раудатайн жана Сабрия кендери), батышында (Минакиш, Умм-Гудайр), түштүк-чыгышында (Чоң Бурган кендер тобу), мурдагы Бейтарап зонанын чегинде (Эль-Бахра), ошондой эле Перс булуңунун шельфинде жайгашкан. Табигый газ негизинен башка кендер менен кошо (2006-ж. 12,5 млрд м3) өндүрүлүп, толугу менен өлкө ичинде пайдаланылат. Энергетикасы өзүнүн углеводород сырьёсун пайдаланат. 44,75 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлүп, 39,5 млрд кВт.сы пайдаланылат (2006). Ири ЖЭСтери Эль-Кувейт, Эль-Ахмади, Эль-Фухайхил шаарында. Нефть ажыратуучу 3 ири заводу (жалпы кубаттуулугу суткасына 900 миң баррель нефть) иштейт; алар ЭльАхмади, Мина-Абд-Аллах, Мина-Шуайб шаарларында. Эш-Шуайбда ири нефть-химия комплекси иштейт. Металл иштетүүчү жана металлургия, тиричилик техникасын чыгаруучу, нефть жабдууларын ремонттоочу, кеме куруучу, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалары бар. Деңиз суусун тузсуздандыруучу 5 ишкана иштейт.

Айыл чарбага жарактуу жери чектелүү. Өлкө чөлдө жайгашкандыгына байланыштуу анын аймагынын 1% гана айыл-чарба багытында иштетүүгө жарактуу[32]. Кувейт кризисинин учурунда (1990–91) айыл-чарба жеринин кыйла бөлүгү өрттөн жана нефть каптоодон өтө жапа чеккен. Азык-түлүктүн 80%тен ашыгын сырттан сатып алат.

2000-жылдарынын башында өлкөнүн аймагынын 1% жакын аянты иштетилген, анын көп бөлүгү жаңы технологияны пайдаланып сугарылат. Негизинен жашылча жана курма пальмасы өстүрүлөт. Балык уулоо жана деңиз азыктарын (негизинен креветка) даярдоо өнүккөн.

Каржы жана банк секторлору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кувейт Борбордук банкынан (1969-ж. негизделген), 7 коммерциялык банктан (анын ичинде Кувейт Улуттук банкы, 1952-ж. негизделген, Перс булуңу аймагындагы алгачкы улуттук банк) жана ислам банкынан турат. Камсыздандыруу бизнесинде 37 коммерциялык банк иштейт; өлкөдөгү эң ири Кувейт фонд биржасы Перс булуңу өлкөлөрүндөгү Сауд фонд биржасынан кийинки 2-орунда. Чет өлкөлүк туризмден түшкөн киреше жылына 6 млрддан ашык АКШ долларын түзөт.

Кувейттеги The Palms Beach Hotel & Spa мейманканасы

Инфраструктуранын начардыгынан жана алкоголдук ичимдиктерге тыюу салуудан улам туристтердин саны өтө чектелүү бойдон калууда. Жыл сайын өткөрүлүүчү «Hala Febrayer» фестивалы коңшу Парс булуңунун өлкөлөрүнөн келген туристтерди өзүнө тартат жана музыкалык концерттер, параддар жана карнавалдар сыяктуу ар кандай иш-чараларды менен коштолот[33][34]. Фестиваль Кувейттин бошотуулушунун бир айлык эскерүүсү болуп саналат жана 1-февралдан 28-февралга чейин созулат. Эркиндик күнү (Ирак менен согуштан) 26-февралда белгиленет[35].

2016-жылы туризм индустриясы Кувейтке 500 миллион доллар киреше алып келген[36]. 2020-жылы Кувейттин ички саякат жана туризм багытындагы чыгымдары 6,1 миллиард долларды түзгөн[37].

Эль-Кувейттеги автожол

Автомобиль жолунун жалпы узундугу 5749 км. Кувейт автомобиль жолдору аркылуу Ирак (Басра) жана Сауд Арабиясы (Эр-Рияд, Даммам) менен байланышат. Деңиз соода флотунда 38 деңиз кемеси бар, анын 22си – нефть танкери. Башка өлкөлөрдүн (анын ичинде Сауд Арабиясы, Катар, Бахрейндин) желеги менен 34 Кувейт соода кемеси сүзүп жүрөт. Негизги деңиз порттору: Мина-эль-Ахмади (өлкөнүн экспорттук негизги порту), Эш-Шуайба, Эш-Шувайх, Мина-Абд-Аллах, Эль-Кувейт. 7 аэропорту бар; эл аралык аэропорту Эль-Кувейт шаарында. Магистралдык куур транспортунун узундугу 866 км, анын 540 кми нефть кууру, 269 кми газ кууру 57 кми нефть продукту трубасы (2007). Сырткы соода товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 84,3 млрд доллар (2007); анын 63,7 млрд доллары экспортко, 20,6 млрд доллары импортко туура келет. Негизги экспорттук товарлары: нефть жана нефт продуктулары, ошондой эле аз өлчөмдө химия өнөр-жай продукциялары (негизинен семирткичтер). Экспорттук соода шериктери: Япония, Түштүк Корея, Кытай, Сингапур, АКШ, Нидерланд. Азык түлүк, өнөр-жай жана транспорт жабдуулары, автомобиль, курулуш материалдары, кийим ж. б. АКШ, Япония, Германия, Кытай, Сауд Арабиясы, Италия, Улуу Британия, Индия, Түштүк Кореядан сатып алат.

Билим берүүсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кувейт университети

4 жаштан 6 жашка чейин мектепке чейинки, милдеттүү 8 жылдык окутуу (4 жылдык башталгыч, 4 жылдык толук эмес орто мектеп) жана 4 жылдык толук орто билим берүүнү камтыйт. Толук эмес орто билимдин базасында атайын коллеждер иштейт. Эркек балдар жана кыздар бөлөк окутулат. Окутуу – акысыз (бала бакчадан Жогоку окуу жайларына чейин). 15 жаштан жогорку калктын сабаттуулугу 93,3%ти түзөт (2007). Жогорку билим берүүнү Кувейт университети (1966) жана мамлекеттик эмес Жогоку окуу жайлары (Кувейт-Маастрихт бизнес мектеби, 2003; Америка университети, 2004; ж. б.) ишке ашырат. Кувейт Улуттук китепканасы (1936) иштейт. Улуттук (1957), илимий педагогикалык (1972), ислам искусствосу (1983), Т. Ражаб атындагы (1980) ж. б. музейлери бар. Күн сайын чыгуучу 7 гезиттин бешөө («Аль-Анба», 1976; «Ал-Кабас», 1972; «Аль-Ватан», 1976 ж. б.) араб тилинде, экөө англис тилинде («The Arab Times», 1963; «The Kuwait Times», 1961) чыгат. Жума сайын «Ар-Раид» (1969), «Аль-Хадаф» (1961) ж. б. гезиттер жарык көрөт. Айына 105, жумасына 110 журнал чыгарылат. Радиоуктуруусу 1951-жылдан, телекөрсөтүүсү 1957жылдан иштейт.

Саламатыкты сактоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кувейтте мамлекет тарабынан каржыланган саламаттыкты сактоо системасы иш алып барат жана Кувейттин жарандарын акысыз дарылоо менен камсыз кылат. Кувейттин ар бир районунун аймагында амбулатордук клиникалар бар. Чет өлкөлүктөргө арзандатылган медициналык жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик камсыздандыруу тутуму бар. Стратегиялык пландарына ылайык, 2035-жылга чейин Кувейттин саламаттыкты сактоо багытында кыйла өзгөртүүлөр күтүүлүдө[38][39][40].

Кувейтте учурда 20 мамлекеттик жана 16 жеке менчик ооруканалар бар[40][38], ал эми жаңы Шейх Жабер Аль-Ахмад ооруканасы Жакынкы Чыгыштагы эң чоң оорукана болуп саналат[41].

Мутаббак самак

Кувейт ашканасы Чыгыш Араб ашканасынын бир бөлүгү жана араб, иран жана месопотамия ашканаларынын айкалышынан турат. Ашканасында тооктун же койдун этинен татымалдар кошулупу жасалган басмати күрүчү көп молдонулат.

Деңиз азыктары, айрыкча балыктар жергиликтуу ашкананын маанилүү бөлүгү болуп саналат[42]. Мутаббак самак — Кувейттин улуттук тамагы.

Кувейт элинин адабияты – жалпы араб мадтынын бир бөлүгү. Абдель Жалил ат-Табата – Кувейт адабиятынын баштоочусу жана агартуучу деп эсептелет. Анын классикалык араб адабиятынын негизинде жазылган ырлар жыйнагы 1882-ж. Индияда басылган. 1911-ж. уюшулган аль-Мубаракия мектеби мадтты кайра түзүүнү баштаган. Анын айрым бүтүрүүчүлөрү көрүнүктүү адабий ишмерлер жана агартуучулар болушкан: Абд аль-Азиз ар-Рашид («Кувейттин тарыхы», 1926), Халида ибн-Мухаммад аль-Фараджи («Мунира», 1929) ж. б. 1940-жылдары Халид Халяф («Тагдырдын кылдаттыгы», «Суу менен асман аралыгында» новеллалары, экөө тең 1947), Фахда ад-Дувейрлер («Болумуш», 1948, ж. б. аңгемелери) прозада ийгиликке жетишти. Улуу муундагы жазуучулардан Мухаммад аль-Фаиз («Моряктын эскерүүсү», 1961; «Бирюза шакек», 1984), Ахмад аль-Удван («Тамчы», 1996), Кувейттин гимнинин автору акын жана драматург Фаик Абдель Жалил («Абу Зейд – баатыр из кубар», 1974 ж. б.) белгилүү. 1960-жылдардын аягында Кувейт адабиятында прозага жаңы муундун өкүлдөрү Сулейман аш-Шат, Сулейман аль-Хулайф, Исмаил Фахд Исмаил, жазуучу-фантаст Абдель-ваххаб ас-Саид келишти, поэзия өнүгүүдө (Суад Мухаммад ас-Сабах ж. б.). Жазуучулар прозада жаратылышты жана бедуиндердин жашоосун мактоону заманбап араб коомундагы социалдык маселелерди талдоону, элдин жашоо мүнөзүндөгү өзгөрүүлөрдү тема кылып алышты.

Б. з. ч. 3 миң жылдыктан б. з. 17-кылымна чейин маданият очогу Файлака аралы болгон. Архитектурасында байыркы грек жана ахеменид элементтери айкалышкан эллин мезгилиндеги чептердин урандылары б. з. ч. миң жылдыктын ортосуна таандык байыркы курулмалар болуп саналат. Эль-Кусурдагы археологиялык казууда галереялары мененжана крест сыяктуу пландагы сыйынуу жайы бар эрте христиан чиркөөсүнүн урандылары (б. з. 5-кылымнын аягы – 6-кылымнын башы) ачылган. Эл-Куранияда 16–17-кылымдардагы чептин калдыгы табылган. 18–19-кылымдарда курулган шаар үйлөрүнүн эң эскилери – адатта ылайдан согулган, көбүнчө бир кабаттуу, бир нече ички короосу бар типтүү үйлөр (эс алуу жана эркектердин баарлашуу бөлмөлөрүнүн терезелери үйдүн көчөнү караган фасадында). Турак үйлөрдүн жасалгаларында түрк, иран, индия элдеринин архитектурасынын таасирлери байкалат. Файлак аралында салттуу турак жай кварталы сакталган. Кувейттеги биздин күнгө чейин сакталып келген эң эски мечиттер – Аль-Хамис (1772–73) жана Абд аль-Раззак (1797; экөө тең – Эль-Кувейтте). Эль-Жахрда (1895) Кызыл сепил сакталган. 1950-ж. экономиканын жогорулашы жаңы курулуштардын пайда болуусуна түрткү берди. Кувейтте чет элдик архитекторлор иштей баштайт. Эль-Кувейт үчүн модернизм стилинде функциялык зоналарга бөлүнгөн генералдык план сериясы (1952, «Monprio, Spensly and Macfarlen» бюросу; 1968, «C. Buchanan and Partners» ж. б.) иштелип чыккан. Ислам архитектурасы менен модернизм стили айкалышкан бараандуу курулуштар салынууда: аль-Сейф өкмөт дворецинин жаңы имаратында (1960–64) мусулман зодчийлигинин басымдуулугу байкалса, Эль-Кувейт муниципалитетинин имараты (1962, архитектор Салам Абдель Баки) заманбап батыш архитектурасынын негизинде курулган. 1970-жылдары бул тенденциялардын баары постмодернизмге биригет: мисалы, өкмөт имараттар комплекси жана аль-Сейф дворецинин жаңы канаты (1973–83, арх. Р. Пиетиля), Улуттук чогулуш имараты (1973–85, Й. Утзон), масштабдуу мамлекеттик мечит (1976–84, архитектор М. Макия) ж. б. Неомодернизм белгилери «Нефть секторунун» бийик имаратынан көрүнөт (1996–2005, архитектор А. Эриксон). Кувейтте профессионалдык сүрөт искусствосу 20-кылымдын ортосунан башталат. Алгачкы Кувейт сүрөтчүлөрүнүн бири – М. аль-Доссари реалисттик чыгармаларды жараткан. Ушул эле нукта 20-кылымда башка да живописчилер эмгектенишкен. Сюрреализмдин таасири скульптор С. Мухаммаддын чыгармачылыгында (20-кылымдын аягы — 21-кылымдын башы); экспрессионизм живописчи С. Аль Айюбинин чыгармачылыгында байкалат. Элдик кол өнөрчүлүк өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. CIA. The World Factbook. Kuwait
  2. CIA. The World Factbook. Coastline
  3. Поспелов Е.М. Географические названия мира. Топонимический словарь. ISBN: 5-89216-029-7
  4. The World"s Largest Oil Reserves by Country In 2024
  5. Рейтинг стран по запасам нефти
  6. Earth"s 10th warmest year on record, and warmest with a La Niña
  7. WMO verifies 3rd and 4th hottest temperature recorded on Earth
  8. Matthew Zentner. Design and impact of water treaties: Managing climate change
  9. Buffering the impacts of extreme climate variability in the highly engineered Tigris Euphrates river system
  10. 10.0 10.1 10.2 Food and Agriculture Organization. Irrigation in the near east region in figures
  11. Aga Khan Award for Architecture. The shape of the water tower assures a constant water pressure, Kuwait City, Kuwait.
  12. Ramsar Kuwait becomes Ramsar state
  13. 13.0 13.1 Avibase - Bird Checklists of the World. Kuwait
  14. Kuwait"s marine biodiversity: Qualitative assessment of indicator habitats and species
  15. الدستور الكويتي ( 1962
  16. Троих членов правящей семьи Кувейта осудили за оскорбление эмира
  17. Shalaby, Marwa. Women"s Political Representation in Kuwait: An Untold Story
  18. Governorates of Kuwait
  19. Kuwait Government. Population Of Kuwait
  20. 20.0 20.1 Expats still make up two thirds of population as some communities grow
  21. Statistic PACI. Nationality by Religion in Kuwait 2018
  22. Kuwait MP seeks five-year cap on expat workers’ stay
  23. How one country came together after a terror attack
  24. Strategic Studies Institute. The Evolution of U. S.-Turkish Relations in a Transatlantic Context
  25. 25.0 25.1 International Religious Freedom Report for 2007
  26. St.Thomas Indian Orthodox Pazhayapally Ahmadi, Kuwait
  27. 27.0 27.1 Sudents and teachers attitudes towards Kuwaiti/English code-switching
  28. خالد الرشيد: «اللهجة الكويتية» «مظلومة» في مدارسنا.. لأن أغلب معلمينا وافدون
  29. OBG. The Report: Kuwait 2024. Economy
  30. These are the 25 richest countries in the world
  31. GDP per capita, PPP (current international $)
  32. Экономика Кувейта глазами трейдеров Masterforex-V
  33. Hala February kicks off with a bang
  34. Hala Febrayer 2016 Carnival attracts thousands of participants
  35. Flag-hoisting ceremony signals start of Kuwait national celebrations of 2017
  36. Kuwait tenth in total Arab countries’ tourism revenue
  37. RLA hailed for expertise on Kuwait development
  38. 38.0 38.1 Kuwait 2020 Health Infrastructure Report
  39. Healthcare Infrastructure in Kuwait: On Solid Footing
  40. 40.0 40.1 Mega-projects boost hospital capacity in Kuwait
  41. MidEast’s largest hospital to open in Kuwait by end of 2016
  42. Food and Agriculture Organization. Consumption of fish and shellfish and the regional markets

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]