Карапапактар
Карапапак, терекеме | |
Орусия империясы доорундагы почта карточкаларына түшкөн карапапактар | |
Бардыгы: Азербайжан - 400 000 | |
Тили |
Азербайжан тили (батыш диалектиси) |
Дини | |
Кирет |
түрк элдери |
Карапапак же терекеме (азербайжан тилинде: Qarapapaqlar, Tərəkəmələr) – Түндүк Кавказдагы Дербентте, Грузиядагы Квемо-Картлиде, Азербайжандагы Казакта, Ирандагы Сулдузда[1] жана жалпысынан Түркиянын Түндүк-Чыгыш Анадолу аймагында жашаган азербайжандыктарды түзгөн этникалык уруулардын бири[2].
Келип чыгышы жана тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Карапапак атын аларга Кавказдагы коңшу элдер кара койдун жүнүнөн токулган астрахан папак кийгендиктен коюшкан[3]. Карапапактардын дагы бир аталышы "терекеме" араб тилиндеги Terâkime (تراکمه) сөзүнөн келип чыккан, бул "түркмөндөр" сөзүнүн эквиваленти[4].
Карапапактар көбүнчө терекеме деп та аталат, көп учурда азербайжандыктардын субэтникалык тобу катары сүрөттөлөт, бирок алар "Брокгауз жана Эфрон энциклопедиялык сөздүгү"нө ылайык өзүнчө этникалык топ катары эсептелген[5]. Фахреттин Кырзыоглу жана Зеки Велиди Тоган сыяктуу кээ бир тарыхчылардын теориялары боюнча карапапактардын тукуму кумыктарга негизделген[6]. Терекемелер алгач Грузиянын түштүгүндө, Армениянын түндүк-батышында, Дагстандын түштүгүндө, Азербайжандын ички жана түндүк-батыш жерлеринде жашашкан[7]. Россиянын Түштүк Кавказды басып алуусу менен 1813-1828-жылдар аралыгында Осмон империясына жана Иранга катуу миграциялык кыймылдар болгон. Осмон-орус согушунун натыйжасында Россия чек арасын Карсты да кошо кеңейткенде, терекеме конуштары кайрадан орус бийлигине өткөн. Орус революциясынан кийин башталган Совет бийлигинен кийин карапапактар Кеңештер Бирлигинде өзүнчө улут катары аныктала баштаган. 1930-жылдары карапапактарды өзүнчө эл катары кабыл алуу саясаты токтотулуп, 1944-жылы Ахыска түрктөрү менен бирге массалык түрдө Орто Азияга сүргүнгө айдалган. XX кылымдын орто ченинде жүргүзүлгөн эл каттоодо карапапактар месхет түрктөрү жана азербайжан түрктөрү менен бирге саналса, бүгүнкү эл каттоодо өздөрүн карапапак же терекеме деп тааныштырган эл массасы аныкталган. 1926-жылы Кеңештер Бирлиги жүргүзгөн эл каттоого ылайык, Түштүк Кавказда өзүнчө улут катары кирген карапапактардын калкы 6311 деп аныкталган.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Келип чыгышы жөнүндө тезистер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Элди кээде Орто Азиянын каракалпактары менен чаташтырышат. Карапапактар огуз мүнөздүү түрктөр[8][9], каракалпактар кыпчак мүнөздүү түрктөр деген жалпы пикир бар[10].
Сефеви доору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Исмаил I 1520-1522-жылдары шиизмди жайылтуу үчүн Квемо-Картлиге экспедиция уюштурган. Исмаил I өлгөндөн кийин Тбилисиде шиизмге каршы көтөрүлүш башталып, 1549-жылы Борчалыдагы карапапактар Осмон империясы султаны Сулейман Iге баш ийгендигин жарыялашкан. Бирок 1555-жылы кол коюлган Амасия келишими менен Сефевилердин карамагында калган[11].
Борчалыдагы карапапактардын кээ бирлери кызыл лента байлап шииттер экенин баса белгилешкен. Экинчи бөлүгү баштарына кой терисинен жасалган кара калпак кийгизип, сүннөт экендигин баса белгилешти. Кээ бир сүннөттөр көчүп кетүүгө аргасыз болушкан[11].
Тахмасп I өлгөндөн кийин Сефевилердин кысымына каршы грузиндер менен бириккен. Аббас Iдин тушунда шииттерден башкаларга сакал салыгы салынып, миграция кайра күчөйгөн[11].
Кажарлар доору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Карапапактар 1828-жылга чейин Түндүк Азербайжандын Казак-Шемседдин хандыгында Борчалы дарыясынын жээгинде жана Ереван менен Гянджа ортосунда, Гөкче көлүнүн тегерегинде жашаган[12].
Орусия-Иран согушу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1826-1828-жылдардагы Орусия-Иран согушунда Азербайжандын генерал-губернатору Аббас Мырза Азербайжандан алып чыгып,ушнунун чыгышында ХV кылымда Мукри күрддөрү тарабынан басып алынып, Сулдузга отурукташкан[13].
1828-жылы түзүлгөн Түркмөнчай келишиминен кийин бир тобу Мераганын Сулдуз районуна, экинчи тобу Карс, Чылдыр, Сарыкамыш, Арпачай, Ыгдыр, Агбаба, Чалдыран, Сөкменова, Каракөсе жана Ташлычайы тегерегине көчкөн. Сулдуз аймагында Агкареване, Али Дервишли, Чакал Мустафа, Челеби, Делис Ахи, Хамидшах, Кызанлу-йы Ширан, Мамашалу, Окчы, Султанлу, Тавуклу, Тимур сыяктуу уруулар жашаган[12].
Россия империясынын доору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ушул эле булакта 1878-1881-жылдары Россия империясынын кол астына өткөн бул аймактан Осмондуктардын колунда калган жерлерге 82 миң мусулман көчүп барганы жазылган. Алардын 11 миңи Карстан кеткен[14].
Карс облусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Фридрих фон Хелвальддын (1878-99) маалыматы боюнча, орус баскынчылыгына чейин Осмон жериндеги 105 кыштакта 29 миң карапапак жашаган. Россия империясында татарлардан (түрк калыктарынын жалпы аты) башка, карапапактар да болгон[14].
"Брокгауз жана Эфрон энциклопедиясы"нда келтирилген маалыматтарга караганда, 1892-жылдын 1-январында Карс облусунда 200 868 адам (1 версттик аянтта 12 адам) жашаган. Алардын 7%ы орусиялыктар, 13,5 %ы грек, 15 % күрд, 21,5 % армяндар, 24% түрктөр, 14% карапапактар, 5% түркмөндөр болгон[14].
1897-жылы Карс облусунун жалпы калкы 290 654 киши (эркек: 160 576, аялдар: 130 083, шаардыктар: 37 838), эне тили боюнча калкы 73 406 армян, 63 547 түрк, 42 968 күрт, 32 593 грек 29 879 карапапак, 27 856 орус (анын ичинде 5279 кичи орус), 8442 түркмөн, 2347 татар жана 6383 башка топтордун жактоочулары болгон[14].
Дини боюнча: калктын 14% православ, 5% христиан сектасы, 21% армян-грегориан, 0,75% башка христиан диндери, 58% мусулмандар (37% сүннөт жана 10% шииттер, 11% алеви), 1,25 % йезиди болгон. Орус калкынын басымдуу бөлүгүн секталар (молокан, духобор, прыгун жана башка секталар), гректер - православдар, түрктөр - сүннөт мусулмандары, карапапактар - сүннөттөр жана жарым-жартылай шииттер, терекемелер - али-аллахи шииттер, күрттөр - сүннөт мусулмандары жана жарым-жартылай йезиддер болгон. Карапапактар башка калк сыяктуу эле мал чарбачылык жана жер иштетүү менен алектенишкен, терекемелердин бир бөлүгү күрттөр менен бирге көчмөн болгон деп айтылат[14].
Советтик мезгил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Башкалары 1921-жылы орустар чегингенден кийин Карска келишкен. "Гюмри келишими" менен болгон эл алмашуу менен Агбаба, Тбилиси, Казак жана Борчалы аймактарынан көчүп келишкен.
1926-жылдагы Кеңештер Бирлигинин эл каттоосу боюнча Түштүк Кавказда 6311 адам өзүн карапапак деп тааныштырган (3252 эркек жана 3059 аял)[15].
1939-жылы Сталин тарабынан "азербайжандыктар" деп аталган этникалык топ түзүлгөндөн кийин, месхеттерден башка Азербайжандагы бардык түрктөр сыяктуу эле, алар эл каттоодо көрүнбөй калган[16] жана "Чоң советтик энциклопедия"да азербайжандыктар же азербайжандыктардан алдыңкы этникалык топ деп саналган[17].
Дин
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түркияда карапапактар негизинен исламдын сүннөттүк (ханафий мазхабы) сектасына кирет.
Азербайжандагы, Грузиядагы жана Иранда Сулдуздагы карапапактар жарым-жартылай сүннөт (ханафий) жана жарым-жартылай шиит (жафарий).
Тил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ахмет Жафероглу карапапактардын сүйлөгөн тили «таза түрк тили» деп жазат[18].
"Ислам энциклопедиясы"ндагы карапапактар макаласында азербайжан тилинин бир диалектинде сүйлөшкөндүгү жазылган[19]. С.Дүндардын айтымында, карапапактар азербайжан тилинде сүйлөшөт[20].
XIХ кылым Осмон булактары карапапактардын азербайжан тилинде сүйлөшкөнүн жазышат[21]
Эндрюс болсо эне тили азербайжан тилине жакын батыш огуз тилдеринин бири карапапак тили экенин, карапапактар терекеме диалектиси карапапак тилинен оройураак деп ырасташкан.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Ahmet Caferoğlu, Türk Kavimleri, Enderun Kitabevi, İstanbul, 1988, s. 69. Ахмет Жафероглу түндүк Азербайжан жана Грузиядагылардын толук көчкөнүн жана Түркиядагы жашаш жерин Карс жана Муш экендигин билдирет.
- ↑ Народы Кавказа, т. 2, М., 1962. Библ. см. также к ст. Азербайджанская ССР, ист. очерк. А.Г. Трофимова.
- ↑ Nevzat Özkan, Türk Dilinin Yurtları, Akçağ Yayınları, 2002, ISBN 978-975-338-436-0.
- ↑ Türk Dünyası Araştırmaları Vakfı, "Türk dünyası araştırmaları", 1981, s. 216.
- ↑ Азербайжанцы (орусча). oval.ru.
- ↑ Кумыкские общины за рубежом: история и современность..
- ↑ Karapapak. . karapapak.com.
- ↑ Kotlyar İ. F. Polovçı v Qruzii i Vladimir Monamax. - V kn.: İz istorii ukrainsko-qruzinskix svyazey. Ç. 1. Tbilisi, 1968''
- ↑ Jizneopisanie tsarya tsarey Davida. Perevod s drevnoqruzinskoqo, primeçaniya i kommentarii Y. Nasibova. Sm. Srednevekovıy Vostok: istorii i sovremennost. Pod red. Z. Bunyatova. Baku, 1990.
- ↑ Yaşar Kalafat, İran Türklüğü - Jeokültürel boyut -, Yeditepe, Şubat 2005, ISBN 975-6480-25-4, s. 57-58.
- ↑ 11.0 11.1 11.2 Semra Alyılmaz, "Borçalı (Gürcistan) Karapapaklarının / Terekemelerinin Tarihine Dair", Yeni Türkiye, Yıl 8, Sayı 43, Ocak-Şubat 2002, ISSN 1300-4174, s. 290.
- ↑ 12.0 12.1 Ali Sinan Bilgili, 'Azerbaycan Türkmenleri Tarihi', Türkler, C. 7, Yeni Türkiye Yayınları, Ankara, 2002, ISBN 975-6782-33-1, s. 29.
- ↑ Ahmet Caferoğlu, a.g.y.
- ↑ 14.0 14.1 14.2 14.3 14.4 Карсская область.
- ↑ Всесоюзная перепись населения 1926 года. Национальный состав населения по республикам СССР.
- ↑ Elnur Ağoğlu, "Azerbaycan'ın Etnik ve Demokrafik Yapısı", Türkler, C. 19, Yeni Türkiye Yayınları, Ankara, 2002, ISBN 975-6782-52-8, s. 218.
- ↑ "Азербайджанцы" Archived 2012-12-22 at archive.today. Büyük Sovyet Ansiklopedisi
- ↑ Ahmet Caferoğlu, a.g.e., s. 70.
- ↑ İslam Ansiklopedisi, Karapapaklar,s.470
- ↑ S. Dündar, Terekemeler (Karapapak Türkleri), s. 411
- ↑ Yrd.doç.dr.Selahattin Tozlu, Karapapaklar Hakkında Bazı Notlar -1, s.94.(жеткиликсиз шилтеме)
- Йылмаз, Салих (2007). Түркияда жана Кавказда жашаган Карапапак (Терекеме) түрктөрүнүн тарыхы жана маданияты, Призма басмасы, Стамбул. ISBN 978-9944-414-13-5
- Papakçı, Zihni (2010). Терекемелер (Карапапактар) келип чыгышы, тарыхы, каада-салттары жана ишенимдери, Су басмасы, Стамбул. ISBN 978-975-6709-88-7
- - Карапапактарда Ишеним/Дин - Terekemeyiz.biz
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- TDV Ислам энциклопедиясындагы карапапактар
Баарлашуу архиви |