Каракас
Каракас – Венесуэла Республикасынын борбору. Өз алдынча Федерация округу административдик бирдикти түзөт. Өлкөнүн түндүгүндө, Каракас өрөөнүндө, Кариб Анд тоолорунун ички бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 900 м бийиктикте, Кариб деңизинин жээгинен 13–14 км алыстыкта жайгашкан. Калкы 2,0 млн (2009; шаар агломерациясында 4,2 млн). Маанилүү жолдор тоому. Каракаска жакын Майкетия эл аралык аэропорту орун алган. Метрополитен иштейт. Автомобиль жолдору аркылуу өлкөнүн ири шаарлары (Сьюдад-Боливар жана башка), Панамерика шоссесинин бир тармагы аркылуу Колумбиянын борбору (Санта-Фе-де-Богота), темир жол түйүндөрү аркылуу Ла-Гуайра порту менен байланышат. Климаты нымдуу, субэкватордук. Январдын Орточо температурасы 19°C, июлдук жаан-чачыны 820 мм.
Испандар тарабынан 1567-жылы негизделген. 1770-жылдан Венесуэла генерал-капитандыгынын, 1830-жылдан көз каранды эмес Венесуэланын борбору. Шаардын архитектурасында заманбап курулуштар басымдуу. Борбордук П. Боливар аян тында кафедралуу собор (1664–74), Ыйык Роза саат мунарасы, Ыйык Франсиско чиркөөсү алтары менен, улуттук пантеон (1720) жана капитолий (1872–75) сакталган. Университет шаарчасы (архитектор К. Вильянуев) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Каракас – өлкөнүн башкы финансы борборлорунун бири. Ири банктардын штаб-квартиралары, фонд биржасы, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлчүлүктөрү (анын ичинде ЛУКОЙЛдун жана башка) жайгашкан. NIVEA маркасындагы парфюмерия-косметика каражаттары чыгарылат. Жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, текстиль, булгаарыбут кийим өнөр жай өнүккөн. Шаардын четинде автомобиль чогултуучу италиялык FIAT компаниясы иштейт. Илимдер академиялары (Венесуэла тил, 1883; улуттук тарых, 1888; медицина, 1904; физика, математика жана табигый, 1917; саясат жана социалдык), Илим изилдөө институттары, ири жогорку окуу жайлар (анын ичинде Венесуэла жана С. Боливар атындагы университеттер, Жогорку медицина мектеби, педагогикалык институт жана башка), музыка жана искусство колледждери, улуттук (1883) жана калк китепканалары, улуттук архив (1910), музейлер (анын ичинде илим, археология, Венесуэла куштарынын коллекциясы жана башка), С. Боливардын үй-музейи, сүрөт галереясы, театрлар («Антенео», драма, балет), филармония, цирк бар. Каракаста Клавишалуу музыкалык аспаптардын ири коллекциясы сакталган. Жыл сайын заманбап жана көөнө (1954-жылдан) латын америкалык музыка фестивалдары өткөрүлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9