Жанар Акаев
Жанар Акаев Жанар Кубанычович Акаев | |
Жарандыгы: | Кыргызстан |
---|---|
Туулган жылы: | 13-декабрь, 1986-жыл |
Туулган жери: | Кабылан-Көл, Алай району, Ош облусу, Кыргыз ССР |
Жубайы: | Жыргал[1] |
Балдары: | 1 уулу бар |
Партиясы: | КСДП (2015 — 2017) Ата-Мекен (2020 — а. у) |
Билими: | ОшМУ |
Кесиби: | журналист |
Ишмердүүлүгү: | саясатчы, журналист |
Акаев Жанар Кубанычович (13-декабрь 1986, Кабылан-Көл, Алай району, Ош облусу, Кыргыз ССР) — кыргызстандык журналист, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жанар Акаев 1986-жылы 13-декабрда Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында туулган.
2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин бүтүргөн.
2008-2014-жылдары «Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматында эмгектенген.
2015-жылдын февраль-август айларында чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-катчысы болуп иштеген.
2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2017-жылдын 24-мартында КСДП фракциясынын мүчөлүгүнөн чыгарылган.
2015-2017-жж. - Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин Төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Супер! Инфо гезитинин тандоосу боюнча 2010-2011-жылдын супер теле алып баруучусу
- Эл аралык "Евразиянын алтын калеми" сыйлыгынын лауреаты (2011)
- Мелис Эшимканов атындагы фонддун "Курч калем" сыйлыгы (2014)
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайты
- Акаев Жанар Кубанычович — биография
- "Азаттык клубунда" Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев
- Жанар Акаев "Азаттык " программасында конокто. Көрсөтүүнүн темасы: Жаш саясатчылар эмнеге аз?
- КСДП Жанар Акаевди фракциядан чыгарды. 24.03.2017-.
- "Азаттык" үналгысынын сайтындагы Жанар Акаев даярдаган макалалар, баяндар