Европа парламенти
Көрүнүш
Европа парламенти (Европарламент) – Европа Союзунун (ЕС) өкүлдүк органы. ЕСке кирген өкүлдөр өлкөлөрдүн шайлоочулары тарабынан жалпы тике шайлоо менен 5 жылдык мөөнөткө ал мамлекеттердин калкынын санына жараша (жалпы 732 депутат) шайланат. Европа парламенти ЕСтин бюджетин бекитет, эл аралык келишимдерди ратификациялайт, консультациялык жана башка функцияларды аткарат. Европа парламентинин кезектеги сессиялары Страсбург шаарында (Франция), чукул чакырылган сессиялары Брюссель (Бельгия) шаарында өткөрүлөт. Генералдык секретариаты Люксембургда, штаб-квартирасы Страсбург шаарында жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1