Мазмунга өтүү

Борий

Википедия дан

Борий (Bohrium, Bh) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VIIВ группа элементи; к. н. 107, ат. м. - 262; туруктуу изотоптору жок. Хим. касиеттери б-ча рений аналогу болуп саналат. Көбүрөөк туруктуу болгон окистенүү даражасы 7. 261Bh жана 262Bh массалык сандарга ээ болгон эки изотобу белгилүү. Физиканын түзүүчүлөрүнүн бири, Нобель сыйлыгынын лауреаты, Дан. окумуштуусу Нильс Хендрик Давид Бор (1885-1962-ж.) урматына аталган. Б. 209Bi 54Сr ядролору менен өтө тез (дээрлик «сыйкырдуу» - 125 нейтрону) бомбалоодон 261Bh изотобу алынган. Синтезделип алынган 261Bh - туруксуз Эч жерде колдонулбайт. Хим. бирикмелери алынган эмес.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]