Мазмунга өтүү

Бенин

Википедия дан

Бенин Республикасы
фр. République du Bénin

Герб
Туу Герб
Урааны: «Fraternité, Justice, Travail
(Боордоштук, Адилеттик, Эмгек)»
Гимн: «L'Aube Nouvelle»
Эгемендүүлүк күнү 1-август 1960-жыл

Франциядан)

Расмий тили француз тили
Борбор шаары Порто-Ново
Ири шаарлар Котону
Башкаруу формасы Президенттик башкаруу системасы
Президент
Вице-президент
Патрис Талон
Мариам Талата
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
100-орун - дүйнөдө
114,763 км²
0,4
Калкы
• Бааланган (2022)
Жыштыгы

13,754,688 адам (74-орун)
94,8 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

59,241 млн $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

19,940 млн $
1,449 $
АДӨИ  0,504 (төмөн) (173-орун)
Акча бирдиги Батыш Африка КФА франкы
Домени .bj
ISO коду BJ
ЭОК коду BEN
Телефон коду 229
Убакыт аралыгы UTC 01:00

Бенин (фр. Bénin), расмий аталышы — Бенин Республикасы (фр. République du Bénin), 1975-жылга чейин Дагомея Республикасы деп аталган[1]) — Батыш Африкадагы мамлекет. Гвинея булуңу жана Бенин булуңу аркылуу дүйнөлүк океанга чыга алат. Түндүгүнөн Буркина-Фасо жана Нигер, чыгышынан Нигерия, батышынан Того менен чектешет.

Расмий борбору Порто-Ново шаары болгонуна карабастан, өкмөтү өлкөнүн эң ири шаары Котону шаарында жайгашкан[2]. Административдик жактан 12 департаментке бөлүнөт.

Француз колониялык башкаруусу учурунда жана 1960-жылы 1-августта көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин өлкө Дагомея Падышалыгынын атынан Дагомея Республикасы деп аталган. 1975–жылы 30-ноябрда марксисттик-лениндик аскердик төңкөрүш болгондон кийин Дагомея өлкөнүн түштүк жарымында жашаган эл менен гана байланышта болгондуктан, өлкө Бенин булуңунун атынан Бенин деп аталып калган[3]. Ал эми бул булуңдун аталышы азыркы Нигерияда жайгашкан Бенин падышалыгынын атылышынан алынган.

Байыркы заманда өлкөнүн түндүгүндө горма уруусу жашаган, андан кийин азыркы Нигериядан келген барба уруусу горма уруусунун жерлерин ээлеген. Өлкөнүн түштүгүндө фон жана ажа уруулары жашаган.

XV кылымда Бениндин суу жээгине биринчилерден болуп португалиялыктар келген.

XVI—XVII кылымдарда француз, голланд, англис соодагерлеринин жана кул чектери чептери жана факториялары курулган.

XVII кылымда Бениндин жээги жана коңшу аймактары европалыктар тарабынан Африканын эң ири кул сатуучу аймагына айланган.

XVII кылымда Бениндин азыркы аймагында алгачкы Дагомея мамлекети түзүлгөн. Анын калкы негизинен кдыйканчылык менен алектенишкен. Коомдук системасы кул элөөчүлүк элементтери менен алгачкы коомдук, феодалдык болгон.

XVII кылымда Дагомеянын башкаруучулары кул сатуу менен активдүү алектенишкен, жыл сайын европалык соодагерлерге айрым эсептөөлөр боюнча 20 миңге чейин адамдарды кул катарысатышкан. Бул абал Европанын көпчүлүк өлкөлөрү тарабынан кул сатууга тыюу салган мыйзамдарын кабыл алууга чейин уланып келген.

Колониялык мезгил

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагомея 1851-жылдан тартып француз колонизаторлоруна каршылык көрсөтүп келген, бирок 1894-жылы колонизаторлорго баш ийип, Франциянын ээлигине айланган. 1904-жылы азыркы Бенин аймагы Франциянын Батыш Африкасына Франция Дагомеясы колониясы катары киргизилген. Француз колонизаторлору өнөр жай ишканаларын (самын жасоо, тигүү ж.б.) түзүп, темир жол жана унаа жолдорун куруп баштаган.

1946-жылы Дагомея Франциянын чет элдик аймагы макамын алган. Губернатордун астында иш алып барган башкы кеңеш иштей баштаган. Анын курамында африкалык буржуазиянын, чиновниктердин, интеллигенциянын өкүлдөрү кирген.

1958-жылдан Француя Коомчулугунун курамындагы Дагомея автономиялуу Республикасы түптөлгөн. Дагомеяны 1959-1960 жж. болгон Мали Федерациясынын (Мали жана Сенегал) курамына кошуу пландалган, бирок бир канча убакыттан кийин бул пландан баш тартышкан.

Эгемендүүлүк мезгили

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Мага Кутуку Юбер - Дагомеянын биринчи президенти

1960-жылы 1-августа көз карандысыз мамлекет Дагомея Республикасы жарыяланган тузу лгон. Көзкарандысыз Дагомеянын биринчи прболуп Мзиденти мага Кутукдайындалыкержыйынтыгындаындыгында жеке диктатураны орноткон.

1963-жылдын аягында полковник Кристоф Соглонун жетекчилиги астында биринчи аскердик төңкөрүш жасалган. Жаңы конституция кабыл алынып, көп партиялуу система калыбына келтирилип, президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөрүлгөн. Президент болуп «социалисттик жол» курсун жарыялаган Марселен Жозеф Суру-Миган Апити шайланган.

1965-жылы жогорку офицерлер тобу тарабынан уюштурулган экинчи аскердик төңкөрүш болгон. 1968-жылы батышчыл курсту жактаган Э.Зинсу президент болуп шайланган.

1969-жылы декабрда үчүнчү аскердик төңкөрүш болуп, Мага менен Апити бийликке кайтарадан келишкен.

1972-жылы октябрда майор Матьё Кероку төртүнчү мамлекеттик төңкөрүш жасап, марксисттик-лениндик идеология менен бир партиялуу системаны орнотуп, социализмди куруу өкмөттүн милдети деп жарыялаган. 1974-жылдын ноябрынан тартып Бенинди Кереку жетектеген саясий бюро башкара баштаган.

1975-жылы 30-ноябрынан тартып өлкө Бенин Эл Республикасы деп аталган.

1977-жылы 16-январда мамлекеттик төңкөрүш жасоо максатында Боб Динар баштаган жалданма топ кол салган жана жыйынтыгында бул төңкөрүш жасоо максаты ийгиликсиз аяктаган.

1983-жылы өлкөнүн 15 жаштан 40 жашка чейинки бардык жарандары революциячыл жаштардын уюмуна кабыл алынган[4].

1989-жылдан тартып Кереки марксисттик принциптерден баш тартып, өлкөнүн расмий аталышынан «Эл» деген сөздү алып салган. 1991-жылы эркин шайлоо болгон[4].

1990-жылдын мартынан тартып бир партиялуу система жоюлгандан жана өлкөнүн расмий аталышы Бенин Республикасы деп жарыяланган[5][4].

Атакора аймагы

Географиялык жактан өлкө беш табигый аймакка бөлүнөт: жээк аймагы, тайпак тоолуу аймагы («Ла терре де барре»), түндүктө токойлуу саванна менен капталган бийик тайпак тоолуу аймагы, түндүк-батышында адырлуу аймак («Атакора»") жана түндүк-чыгышында түшүмдүү Нигер түздүктөрү. Өлкөнүн жалпы аянты 114,763 миң км².

Климаты — өлкөнүн түндүгүндө субэкватордук эки мезгилдүү. Декабрдан майга чейин кургакчыл жана июндан ноябрга чейин жаан-чачындуу. Түштүк бөлүгүндө климат экватордук, эки муссондук жана эки кургакчыл мезгил бар.

Дарыялардын саны көп. Негизги дарыялары болуп Веме жана Моно дарыялары саналат, эки дарыяда тең кеме жүрөт.

Өсүмдүктөр негизинен акация, дум пальмасы, карит дарагынан турат. Жээкте тропикалык дайыма жашыл токойлордо май пальмасы жана тик дарактары кеңири таралган.

Жаныбарлар дүйнөсү абдан бай. Саваннада көптөгөн бөкөндөр, арстандар, кабыландар, гепарддар сыяктуу ири жырткычтар жашайт. Пилдер жана буйволдор дагы кездешет.

Өлкөдө мунай жана мрамор ири кендери бар.

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1999-жылы өлкөнүн административдик бөлүнүшү өзгөртүлгөн. Мурдагы 6 провинциянын ар бирине (Атакора, Атлантика, Боргу, Весе, За, Моно) жаңы административдик бирдик кошулуп, жыйынтыгында өлкөдө 12 департаментке пайда болгон. 12 департаменттер өз кезегинде курамына 77 коммунаны камтыйт.

Талышы Французча аталышы Административдик борбору Коммуналардын саны Аянты, км²[6] Калкы (2013), адам[7] Калкынын жыштыгы адам/км² Карта
1 Алибори Alibori Канди 6 26 242 868 046 33,1
2 Атакора Atacora Натитингу 9 20 499 769 337 37,5
3 Атлантикалык Atlantique Вида 8 3233 1 396 548 432,0
4 Боргу Borgou Параку 8 25 856 1 202 095 46,5
5 Коллин Collines Даса-Зуме 6 13 931 716 558 51,4
7 Куффо Couffo Догбо-Тота 5 2404 741 895 308,6
6 Донга Donga Жугу 5 11 126 542 605 48,8
8 Литораль Littoral Котону 1 79 678 874 8 593,3
9 Моно Mono Локоса 6 1605 495 307 308,6
10 Веме Ouémé Порто-Ново 9 1281 1 096 850 856,2
11 Плато Plateaux Сакете 5 3264 624 146 191,2
12 Зу Zou Абомей 9 5243 851 623 162,4

Саясий түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бенин көп партиялык системалуу президенттик республика болуп саналат. Президент Бениндин мамлекет башчысы жана өкмөт башчысы болуп саналат. Аткаруу бийлигин өкмөт жүзөгө ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлиги өкмөткө да, парламентке да таандык. Сот бийлиги көз карандысыз. Бениндин учурдагы Конституциясы 1990-жылы кабыл алынган.

Economist Intelligence Unit 2018-жылдагы демократия индекси боюнча классификациясына ылайык өлкө гибриддик режим катары кабыл алынат[8].

Бениндин этникалык топтору (2013-жылдагы маалымат)      Аджа жана миналар (38.4%)     Adja & Mina (15.1%)     Йорубалар (12%)     Барибалар (9.6%)     Фулалар (8.6%)     Оттамарилер (6.1%)     Йоа-Локпалар (4.3%)     Дендилер (2.9%)     Башка улуттар (2.8%)

Бениндин 11 485 000 жарандарынын көб бөлүгү өлкөнүн түштүгүндө жашайт. Жашоо узактыгы 62 жаш[9]. Бенинде 42 африкалык этникалык топтордун өкүлдөрү жашашат[10]. Бениндин аймагында башка африкалык мамлекеттерден (Нигерия, Того, Мали ж.б.) келген мигранттардын саны көп. Соода сатык менен алектенген ливандыктардын жана индиялыктарлын коомдору бар[10]. Европа мамлекеттеринин элчиликтеринин жана чет өлкөлүк жардам берүү миссияларынын, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын жана миссионердик топтордун кызматкерлеринин саны 5500 адамга жетип, өзүнчө европалык улуттардын коомун түзөт[10].

Калкынын саны
Жыл 1950 2000 2021
Калктын саны 2,200,000 6,800,000 13,000,000
±% —     209.1% 91.2%
Христостун асман чиркөөсүнүн жолдоочулары

Бениндин диний курамы.[11]      Христандар (52.2%)     Ислам (24.6%)     Анимизм (17.6%)     Башка диндер (5.3%)

Бениндеги эки негизги диндери болуп христиан дини жана ислам диндери саналат[12][13]. Айрымдары вуду жана ориша ишенимдерин карманып, вуду жана ориша диндеринин христианчылыктын курамы деп аташкан. XIX кылымда пайда болгон исламдык ахмадия диний кыймылы дагы өлкөнүн аймагында кеңири таралган[14].

2013-жылдагы эл каттоодогу маалыматтар боюнча Бениндин калкынын диний курамы:

  • 48,5% христиандар:
    • 25,5% рим католик чиркөөсүнүн жолдоочулары
    • 6,7% Христостун асман чиркөөсүнүн жолдоочулары
    • 3,4% методисттер
    • 12,9% башка христиан конфессияларынын жолдоочулары
  • 27,7% мусулмандар
  • 11,6% вуду
  • 2,6% башка жергиликтүү салттуу диндерди кармангандар
  • 2,6% башка диндерди кармангандар
  • 5,8% динге ишенбегендер

Акыркы (2020-жылдагы) эсептөөлөргө ылайык, Бениндин калкынын 52,2% христиандар, 24,6% мусулмандар, 17,9% анимисттер жана 5,3% башка динди туткандар же динге ишенбегендер болгон[15].

Салттуу диндерге Атакора аймагындагы жергиликтүү анимисттик диндер, өлкөнүн борборундагы жана түштүгүндөгү Йоруба жана Тадо элдеринин арасында вуду жана ориша ишенимдери кирет. Борбордук жээктеги Уида шаары Бениндин вуду ишениминин руханий борбору болуп саналат[16].

Бениндин жарандары 54 тилде сүйлөшөт. Алардын ичинен француз тили расмий тил болуп саналат жана бардык жергиликтүү тилдер улуттук тилдер деп эсептелет.

Пахта талаалары
Бениндин түндүгүндөгү чакан айыл чарбасы

Бенин начар өнүккөн агрардык мамлекет. Экономикасы дыйканчылыкка (жүгөрү, тапиока, ямс жана пахта) негизделген. Пахта негизги товардык өсүмдүктөрдүн бири болуп саналат, 2014-жылы пахта өндүрүү 600 миң стандарттуу 480 фунтту таңгакка (217,72 кг) жеткен[17] жана дүйнөдө 17-орунду ээлеген. Экинчи маанилүү товардык өсүмдүк болуп кешью жаңгактары саналат. 2015-2016 жж. кешью жаңгактарынын түшүмүнүн көлөмү 125 миң тоннага жеткен[18].

Өлкөдө мунай жана газ кендери бар, бирок алар иштетилбейт. Башка белгилүү жаратылыш байлыктары болуп темир рудасы, алтын, фосфат тектери, мрамор жана токой байлыктары эсептелет.

Бениндеги эл аралык алтын казуучу компаниялардын чалгындоо иштери 39 маанилүү алтын кендерин аныктаган (алардын көбү спутниктин жардамы менен табылган)[19]. Алтын өндүрүүнүн көлөмү жылына болжол менен 500 кг түзөт[20].

Электр энергиясы негизинен Ганадан импорттолот.

Экспортко чыгаруулучу товарлары: алтын, пахта, кешью жаңгактары, жемиштер, пальма майы, жыгач материалдары, мунай продуктулары (реэкспорт). Экспорт жаатындагы өнөктөш өлкөлөрү — БАЭ (27 %), Индия (17 %), Ливан (6,6 %), Мали (6,6 %), Кытай (5,3 %)[21].

Импорттоолучу товарлары: азык-түлүк (негизинен күрүч жана эт азыктары), өнөр жай товарлары, отун ж.б. Импорт жаатындагы өнөктөш өлкөлөрү — Кытай (27 %), Таиланд (11 %), Индия (10 %), Франция (5,3 %)[21].

Жергиликтүү музыкалык топ
Котону шаарындагы конгресс сарайы.
Акараже тамагы

Бенин адабияты француз тили мамлекетте басымдуулук кылганга чейин оозеки түрүндө атадан бала берилип келген[22]. Феликс Кучоро 1929-жылы «Эсклав» (Кул) аттуу Бениндин биринчи романын жазган.

Эгемендүүлүктөн кийин, жергиликтүү элдик музыка Гананын маданияты, француз кабареси, америкалык рок, фанк, соул жана Конголук румба менен айкалышып калыптануусун уланткан[23].

Бенинде тамактар ар кандай негизги соустар менен берилет. Түштүк Бениндин ашканасында негизги азык катары жүгөрү эсептелет, ал жер жаңгактын же помидордун негизиндеги соустар менен берилүүчү камырды даярдоодо колдонулат. Балык, тоок, уй, эчки жана акация келемишинин эттин дагы ашканада колдонушат. Бениндин түндүгүндө жогоруда айтылган соустар менен берилүүчү ямс негизги азык болуп саналат. Түндүк провинцияларында калк пальма же жер жаңгак майына куурулган же соустар кошулуп бышырылган уй жана чочконун этин колдонушат. Айрым тамактарда сыр колдонулат. Ал эми манго, апельсин, авокадо, банан, киви жана ананас сыяктуу мөмө-жемиштер тамактанууда кеңири колдонулат.

Бениндеги негизги спорт түрлөрү — футбол, баскетбол, гольф, велосипед тебүү, бейсбол, софтбол, теннис жана регби. XXI кылымдын башында өлкөдө бейсбол жана текбол оюндары кеңири тараган[24][25].

Салттуу башкаруу системасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колониялык доорго чейинки падышалыктардан келип чыккан өлкөдө көптөгөн көз каранды монархиялар бар. Эгемендүү эмес монархтардын расмий, конституциялык ролу жок, алар негизинен салтанат менен коштолгон иш-чараларга катышышат жана саясий жана жарандык бийликке баш ийишет. Мыйзам тарабынан мындай чектөөлөргө карабастан, алар өз аймактарындагы жергиликтүү саясий маселелерди чечүүдө таасирдүү ролду ойношот жана шайлоочулардын колдоосуна ээ болуу үчүн Бениндин саясатчылары тарабынан көп учурда ортомчу катары иш-аракеттерди аткарышат[26][27].

Социалдык тармагы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бениндик студенттер

2015-жылы сабаттуулук деңгээли 38,4% деп бааланган (49,9% эркектердин жана 27,3% аялдар арасында)[9]. ЮНЕСКОнун статистика институтунун маалыматы боюнча 2013-жылы Бениндеги жалпы башталгыч билим алуу жашындагы балдардын жарымы же 54% мектептерде окуган[9].

Бениндин билим берүү системасы акысыз болбосо да[28], Бенин 2007-жылы мектепте окуу акысын жойгон жана 2007-жылдагы билим берүү форумунун сунуштарын аткарып келе жатат[29]. Өкмөт 2009-жылдан бери ИДӨ 4% ашыгын билим берүүгө жумшайт. ЮНЕСКОнун статистика институтунун маалыматы боюнча 2015-жылы билим берүү тармагына (бардык багыттагы) мамлекеттик чыгымдар ИДӨ 4,4% түзгөн. Бул чыгымдардын 0,97% жогорку билим берүүгө багытталган[30].

2009-2011 жж. университетте окуган 18-25 жаштагылардын саны 10% дан 12% чейин өскөн. Жогорку билим берүү тармагындагы студенттердин саны 2006-2011 жж. эки эседен ашык көбөйүп, саны 50 225тен 110 181ге чейин жеткен. Бул статистика бакалавр, магистр жана докторлук программаларды гана эмес, орто билимден кийинки кесип алуу үчүн тапшырган студенттерди дагы камтыйт[30].

Саламаттыкты сактоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бенинде ВИЧ/СПИД менен оругандардын саны 2013-жылы 15-49 жаштагы жарандардын 1,13% деп бааланган[31]. Бенинде безгек оорусу 5 жашка чейинки балдардын арасындагы өлүмгө алып келген оорулардын негизгиси болуп саналат[32].

1980-жылдары өлкөнүн калкынын 30% азы гана негизги медициналык кызматтарды ала алган. Бениндеги ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү ар бир 1000 төрөлгөн балага 203 өлүм деп эсептелген. Ар бир үчүнчү гана эне баланын ден соолугуна кам көрүү кызматтарын ала алган. Бамако демилгеси муунунун коомдук негиздеги саламаттыкты сактоо реформасын киргизүү менен өзгөрттү программысынын натыйжасында медициналык кызматтарды «эффективдүү жана адилеттүү» көрсөтүү башталган[33].

2015-жылга карата алынган маалыматтарга ылайык Бенин энелердин өлүмүнүн саны боюнча дүйнөдө 26-орунда турат[34].

ЮНИСЕФтин 2013-жылдагы отчетуна ылайык, аялдардын 13% жыныс органдарын жабыркаткан операцияларга дуушар болушкан[35].

  1. Dahomey Announces Its Name Will Be Benin
  2. The vulnerability to climate change of Cotonou (Benin): the rise in sea level
  3. Dahomey Announces Its Name Will Be Benin
  4. 4.0 4.1 4.2 Bénin, analyse du pays de 1982 a 1997
  5. Republic of Benin, Bénin
  6. Benin: Administrative Division
  7. The population of the departments of Benin by census years
  8. Democracy Index 2018: Me too? Political participation, protest and democracy
  9. 9.0 9.1 9.2 CIA. The World Factbook. Benin
  10. 10.0 10.1 10.2 U.S. Relations With Benin
  11. The World Factbook - Central Intelligence Agency (англ.).
  12. Global Religious Diversity
  13. The Future of World Religions: Population Growth Projections, 2010-2050
  14. 2022 Report on International Religious Freedom: Benin
  15. 2021 Report on International Religious Freedom: Benin
  16. Ouidah, Benin
  17. Производство хлопка в странах за 2014 год
  18. Глобальный рынок кешью: производство и переработка. Предварительные итоги сезона 2015/2016 гг
  19. Золото в Африке: факты, о которых Вы, возможно, не знали
  20. Gold Production by Country 2024
  21. 21.0 21.1 Observatory of Economic Complexity. Бенин
  22. Beninese literature at a glance
  23. Transforming Vòdún: Musical Change and Postcolonial Healing in Benin's Jazz and Brass Band Music
  24. Duo develops nonprofit organization, Baseball in Benin
  25. Beninese Teqball Federation targets nationwide engagement
  26. Monde: Haïti veut punir les crimes vaudous comme au Benin
  27. Benin: Kings in northern Benin, specifically in Borgou department; extent of their power in comparison with the power of political and civil authorities; a king’s ability to force a woman to marry him; remedies available to a woman who refuses to marry a king
  28. 2000 Country Reports on Human Rights Practices. Benin
  29. UNESCO. Benin
  30. 30.0 30.1 UNESCO science report: towards 2030
  31. CIA. The World Factbook. HIV/AIDS - adult prevalence rate compares the percentage of adults (aged 15-49) living with HIV/AIDS. Benin
  32. Malaria in Benin
  33. Bamako Initiative revitalizes primary health care in Benin
  34. CIA. The World Factbook. Maternal mortality rate. Benin
  35. Female Genital Mutilation/Cutting: A statistical overview and exploration of the dynamics of change

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]